Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:57

Ноокенде июндагы кандуу окуя боюнча сотто күбөлөр суралат


Пахта иштетүүчү “Санпа” заводунун жанында массалык киши өлтүрүү фактысы боюнча болуп жаткан сот бүгүн саат 10:00гө белгиленген. Аймактагы кабарчыбыздын билдиришинче, ушул тапта сот баштала элек. Буга себеп катары 13-июндагы Санпа окуясына күбө болгон адамдардын Алайдан, Чоң-Алайдан келе электиги, мындан тышкары Ош, Жалал-Абад облустук ооруканаларынан атайын психиатр дарыгерлердин келиши күтүлүп жатканы айтылууда. Психиатр дарыгерлер “Санпа” окуясы боюнча айыпталуучулар милициянын ардагери Гафуржан Абдурахмановдун акыл-эсин текшерүү максатында чакырылган.

Кабарчыбыздын маалымдашынча Ноокен райондук сотун милиция кызматкерлери күчөтүлгөн кайтарууга алышты, буга Сузак, Ноокен РИИБинин, Жалал-Абад облустук ИИБнин атайын бөлүгүнүн кызматкерлери тартылган. Азыр соттолуучулар алып келинип, сот иши башталышын күтүшүүдө.

13-июнь күнү Бишкек-Ош жолунун боюнда, Сузактагы пахта иштетүүчү “Санпа” заводунун жанында 500-600 чамалуу киши чогулуп, ары-бери өткөн автоунааларга ок чыгарып, кол салышкан. Натыйжада 16 киши өлүп, 2 адам дайынсыз жоголгон, 9 автоунаа өрттөлгөн. Бул иш боюнча 19 киши айыпталууда. Алардын ичинде мурдагы милиционерлер Гафуржан Абдурахманов, Бахадыр Жалалов жана ошондой эле мурдагы башкарма Усманжан Аблязов бар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG