Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:15

“Азияуниверсалбанк” банкрот деп жарыяланды


Улуттук банктын маалыматы боюнча “Азияуниверсалбанкын” банкрот деп жарыялоо чечимин Бишкек шаардык соту чыгарды. Шаардык соттун коллегиясы аталган банкты төлөөгө кудуретсиз деп тааныган. Маалыматта айтылгандай “Азияуниверсалбанкы” банктарды кайра түзүү жана карыздарды жоюу боюнча агенттиктин атайын көзөмөлүнө алынды.

“Азияуниверсалбанкы” мурдагы президенттин үй-бүлөсүнө жакындыгы бар деп саналып, апрель окуясынан кийин банктын айрым операцияларына тыюу салынган. Ошондой эле Баш прокуратура мурдагы бийликтин тушунда Улуттук банктын катыштыгы менен “Азияуниверсалбанкы” аркылуу 3 миллиард сом сыртка которулуп кеткенин билдирген. Бул кылмыш иштин негизинде Улуттук банктын мурдагы төрагасы М. Алапаев, АУБдун негиздөөчүсү М. Надель баштаган бир катар адамдарга издөө салынган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG