Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:12

Ноокенде "Санпа" окуясы боюнча сот башталды


Сотко катышып жаткан кабарчыбыздын маалыматы боюнча ушул тапта жабырлануучулар көрсөтмө берип жатышат. Сот процессинин жүрүшүнө Сузак, Ноокен РИИБнүн, Жалал-Абат облустук ИИБнүн кайгуул-күзөт кызматынын жана атайын отрядынын кызматкерлери, баш аягы болуп 120 милиционер көзөмөл кылышууда.
13-июнь күнү Бишкек-Ош жолунун боюнда, Сузактагы пахта иштетүүчү “Санпа” заводунун жанында 500-600 чамалуу киши чогулуп, ары-бери өткөн автоунааларга ок чыгарып, кол салышкан. Натыйжада 10 киши өлүп, 2 адам дайынсыз жоголгон, 9 автоунаа өрттөлгөн. Бул иш боюнча 19 киши айыпталууда. Алардын ичинде мурдагы милиционерлер Гафуржан Абдурахманов, Бахадыр Жалалов жана ошондой эле мурдагы башкарма Усманжан Аблязов бар. Ишти Сузак райондук соту карап жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG