Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:41

Ош, Жалал-Абад облустарын калыбына келтирүүгө 433 млн. сом бөлүнгөн


Мунун ичинен ушул күнгө чейин 255 млн. сому сарпталган. Бул тууралуу 1-вице-премьер-министр Амангелди Муралиев кечээ өкмөттүн жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул бюджеттен бөлүнгөн акча, ал эми июнь окуясынын кесепеттерин жоюу үчүн бөлүнгөн каражаттын жалпы суммасы 4,6 млрд. сомду түзөт. Ош, Жалал-Абад облустарын калыбына келтирүү дирекциясынын маалыматы боюнча июнь коогалаңы учурунда 1888 обьект жабыркаган, анын ичинде 1861 турак-жай, 27 социалдык обьект жана мамлекеттик мекеме кыйраган. Мамлекеттик дирекция эң оор процесс – кыйраган үйлөрдү сүрдүрүү жана кыйрандыларды жыйноо учурунда болгонун билдирет. Бүгүнкү күнгө чейин 1073 үй-бүлөгө жеңилдетилген насыялар берилген, Ош шаарында көп кабаттуу 6 үй курулуп жатат, мындан тышкары 3,5 миңден ашуун жеке үйлөрдүн курулушу жүрүп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG