Ошондуктан, банк банкротко учурап отурат, деп белгилеген 1-вице-премьер-министр “АзияУниверсалбанк” аркылуу экс-президент К. Бакиевдин жакындары өлкөдөн 250 млн. доллар алып чыгып кетишкен деп маалымдады. Анын айтуусунда “АзияУниверсалбанкында” өткөн жылы Орусиядан алынган насыя акча жана социалдык фонддун каражаттары сакталып турган. Апрель окуяларынан кийин банктын айрым операцияларына тыюу салынганча экс-президенттин жакындары көп өлчөмдөгү акчаны алып чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн,- дейт 1-вице-премьер-министр.
“АзияУниверсалбанкын” банкрот деп жарыялоо тууралуу чечимди 27-октябрь күнү Бишкек шаардык соту чыгарган.(ZKo)
“АзияУниверсалбанкын” банкрот деп жарыялоо тууралуу чечимди 27-октябрь күнү Бишкек шаардык соту чыгарган.(ZKo)