Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:08

"Санпа" окуясы боюнча сот эртең уланат


Бүгүнкү соттук териштирүүдө жабырлануучулардан башка 13 соттолуучу көрсөтмө берди. Алардын бардыгы өздөрүнө коюлуп жаткан күнөөлөрдү мойнуна албасын билдиришти. Сот эртеңки жараянга соттолуучулардын айрымдарынын күбөлөрүн жана жабырлануучуларды толуктап чакырууну адвокаттар менен мамлекеттик айыптоочуларга тапшырды. Дагы алты айыпталуучу эртең көрсөтмө бериши ыктымал, алардын ичинде мурдагы милиционерлер Гафуржан Абдукаримов, Бахадыр Жалалов жана ошондой эле мурдагы башкарма Усманжан Аблязов да кийинки сот процесстеринде көрсөтмө берүүсү күтүлүүдө.

13-июнда Сузактагы “Санпа” заводунун жанында болгон кандуу окуяда 10 киши өлүп, экөө дайынсыз жоголгон. Бул иш боюнча он тогуз кишиге айып тагылган. Санпа окуясы боюнча ишти Сузак райондук соту кароодо. Сот жараяны 30-сентябрдан бери Ноокенде өтүп жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG