Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:12

Кызыл-Кыя: милиция кызматкерлери атылган жерден телефон табылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты. Окуяга байланыштуу облуста милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш жүргүзүп, азыр окуя болгон жерден октун калдыктары жана телефон табылганы айтылууда.

27-октябрь күнү кечки күзөткө чыккан кайгуул кызматынын ыкчам тобу Ош-Исфана жолунда шектүү “ДЕУ Тико” автоунаасын токтотуп, текшерүүгө алган учурда автоунаадагылар ок чыгарышкан. Күзөттөгү 3 милиционерге ок тийген соң кылмышкерлер качып кетишкен. Натыйжада 2 милиция кызматкери окуя болгон жерде мерт болуп, милициянын ага лейтананты Мухамедибрагим Атаназаров октон жаракат алган. Маалыматка караганда, шаардык ооруканага жеткирилген Атаназаровдун абалы азыр жакшырып калды.(JsA)

XS
SM
MD
LG