Брюсселде эки күндүк саммитке чогулган Европалык 27 өлкө лидерлери мамлекеттик бюджет эрежелерин катаалдантып, Грекиядагыдай тышкы карыз кризисин болтурбоо жолдорун караштырууда. Германия менен Франция ал үчүн Еврошаркет алкагында экономикалык башкаруу, тескөөнү бекемдөө сунушун колдошот. Мындай сунушка бирок, Евробиримдикке мүчө башка өлкөлөр каршы чыгып, орток баш мыйзам саналган Лиссабон келишимин кайра караштыруу Шаркеттеги фундаменталдык принциптерге сокку келтирет деп эсептешет.