Бул Эл аралык валюта кору алдын ала болжогон өсүштөн 1 жарым пайыздай жогору көрсөткүч. Казак экономикасынын ыкчам жогорулашына энергия булактарынын дүйнөлүк баасы жана коңшулаш Орусиядагы экономикалык жандануу дем берди, - деп белгилейт Эл аралык валюта кору жаңы баянында. Адистер баамында, мунайдын дүйнөлүк баасы азыркы деңгээлде кала берсе, келерки жылы Казакстан экономикасы быйылкыдан кем эмес чекти багындыра алат.