Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:47

“Санпа” окуясы боюнча соттук териштирүү бүгүн уланат


Бүгүнкү жараянда соттолуучулардын айрымдарынын күбөлөрү жана жабырлануучулар көрсөтмө беришет. Айыпталуучулар да суралат. Алардын ичинде мурдагы милиционерлер подполковник Гафуржан Абдукаримов, полковник Бахадыр Жалалов жана мурдагы башкарма Усманжан Аблязов бар. 13-июнда Сузактагы “Санпа” заводунун жанында болгон кандуу окуяда 16 киши өлүп, экөө дайынсыз жоголгон. Бул иш боюнча он тогуз киши кармалган. "Санпа" окуясы боюнча ишти Сузак райондук соту кароодо. Сот жараяны 30-сентябрдан бери Ноокенде өтүп жатат. Кечээки сот процессинде жабырлануучулардан сырткары 13 айыпталуучу көрсөтмө берди. Алардын баары өздөрүнө коюлган күнөөлөрдү четке кагышууда. (EBM)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG