Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун Бишкектеги борборунун жетекчи орун басары Лилиан Дарий Кыргызстандагы саясий партияларга арналган форумда шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин стабилдүү коалициялык өкмөт түзүү үчүн конструктивдүү диалог керек экенин баса белгиледи. ЕККУ жалпы улуттук маселелерди чечүү үчүн партиялардын баарлашуусуна шарт түзүп берүүгө даяр экенин кошумчалады. Саясий партияларга арналган жыйын 28-октябрда өттү. Ага президент администрациясынын жетекчиси Эмил Каптагаев, БШКнын мүчөлөрү, саясий партиялардын лидерлери жана жарандык, эл аралык коомдун өкүлдөрү катышты. (EBM)