Кара-Суу райондук соту 13-июнь күнү Нариман айлында Кара-Суу райондук милиция башчысы Адылбек Султановду жана анын айдоочусу Уран Шамурзаевди өлтүргөн деп айыпталып жаткан беш киши: Азиз Таширов, Мирзахид Салиев, Фахриддин Ашуров, Шахбоз Абдуллажанов, Хасанбай Талиповду өмүр бою, Бахадыр Жороевди жыйырма беш жылга, Абдилазиз Азимовду сегиз жылга, Улугбек Расуловду беш жылга, Мирадил Кучкаровду төрт жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Ал эми айыпталуучулардын бири Дилшат Ахроровдун иши жалпы иштен бөлүнүп, атайын экспертизалык топко анын психикалык саламаттыгын аныктоо тапшырылды.
Жабырлануучулар өкүм жеңил болуп калды деп билдиришүүдө, алар жогорку сот бутактарына кайрылышмакчы.
Мурдагы сот процессинде мамлекеттик айыптоочу бул иш боюнча айыпталып жаткан он кишинин сегизин: Азиз Таширов, Бахадыр Жороев, Фахриддин Ашуров, Мирзахид Салиев, Хасанбай Талипов, Абдилазиз Азимов, Шахбоз Абдуллажанов, Дилшад Ахроровду КР кылмыш жаза кодексинин 230-233-97-340-беренелери боюнча айыптап, буларды өмүр бою эркинен ажыратууну соттон сураган. Азиз Таширов июнь окуясынан кийин Алматыда качып жүргөн жеринен кармалган. Ал эми Улугбек Расуловду массалык башаламандыкка чакырык таштап, Нариманда жашаган азербайжан, түрк жана башка улуттагы адамдарды коркутканы үчүн 8 жыл, киши өлтүрүп жаткандарды карап туруп, чара көрбөгөндүгү үчүн Мирадил Кучкаровду 12 жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн.
13-июнь күнү Кара-Суу райондук милиция башчысы Адылбек Султанов менен анын айдоочусу, старшина Уран Шамурзаев Нариман айлына чатакташкан улуттарды элдештирүү үчүн барган кезинде мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. (SA;ZKo)