Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

Сырттагы кыргызстандыктар: БШК талабы Баш мыйзамга каршы келет


Кыргызстандын чет мамлекеттердеги дипломаттык өкүлчүлүктөрү бүгүн билдирүү таратышты. Анда Кыргызстандын жарандарды шайлоодо добуш берүүгө 2006-жылкы чет мамлекетке чыгууга уруксат берген паспорт менен кое бербөө тууралуу БШКнын талабы Конституцияны одоно бузуу болуп эсептелет, бул паспорт менен Кыргызстандын жарандыгын чет мамлекеттер тааныйт деп айтылат.
Ошол эле учурда негизги тизмеге киргизилген кыргыз жарандарына дал ушул 2006-жылкы чет өлкөгө чыгууга уруксат берген паспорт менен шайлоого мүмкүнчүлүк берилгени, ал эми кошумча тизме боюнча андай паспорту бар жарандарга уруксат берилбегени да чоң суроо жаратат деп белгиленген билдирүүдө ошондой эле чет мамлекеттерде жашап, иштеп-окуп жүрүшкөн кыргызстандыктар 10-октябрдагы шайлоодо берген добушу БШК тарабынан жокко чыгарылып жатышына макул эместиги, алар өздөрүнүн Конституциялык укугун коргоп берүү өтүнүчү менен сотко кайрылышары айтылган. Билдирүү ээлери мындай доомат менен БШК чет жактагы кыргызстандыктардын укугу атайылап бузулуп жаткандыгын айтып, БШКдан бул чечимин далилдүү негиздеп берүүсүн талап кылышкан.

БШКнын чечимине нааразылыгын Орусиянын Казан шаарындагы кыргызстандыктар да билдиришти. Алар тараткан билдирүүдө айтылгандай, 10-октябрь күнү кыргызстандыктар берген добуштардын жокко чыгарылышы кыргыз бийлигинин Орусиядагы жарандарына ишенбестигин далилдегени катары гана эмес, демократиянын негизги түркүктөрүнөн тайганы катары кабыл алынганы айтылган.

БШК чет мамлекеттердеги 13 шайлоо участогунун жыйынтыктарын жокко чыгарган болчу. (ZKo)

XS
SM
MD
LG