Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Июнь коогалаңында жабыркаган 100 үй-бүлө жаңы турак-жайлуу болду


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча дирекциясынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов билдирди. Маалыматка ылайык, Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында жалпы 1 миң 628 үйдүн пайдубалы куюлуп бүтүп, алардын ичинен 1 миң 295инин дубалдары көтөрүлсө, 639унун чатыры жабылуу астында турат. Бүгүнкү күнгө карата 100 үй-бүлө жаңы турак-жай менен камсыз болду. Ош жана Жалал-Абад аймактарында көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн 132 миллион 205 миң каралып, бул жалпы сметалык сумманын 52 пайыздан ашыгын түзүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG