Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:01

Ажыга кетпей калган 41 адам Ошто митингге чыкты


Ажылык зыяратка кетпей калган 41 адам Ош облусттук администрациясынын алдында нааразылык акциясын улантышууда. Алар ажылыкка баруу үчүн билет алып, бардык документтери бүткөрүп, 2-ноябрда учмак болушкан. Бирок 60 адамдын он тогузуна гана Араб Эмираттарына виза ачылып, калган 41 адам кете албай калган. Ошол себептүү алар бүгүн түштөн кийин облусттук бийликтен жана Дин агенттигинен аталган өлкөгө учууга виза алып берүүсүн талап кылып турушат.

Ош облусттук дин иштери агенттиги 41 адамдын визасы боюнча учурда Борбордук дин агенттиги Араб Эмираттардагы Кыргызстандын элчилиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын билдирди. Алардын билдиришинче, бул маселелер аталган өлкө тарабынан чечилбей калышы мүмкүн.

Маалыматтарга ылайык, быйыл Меккеге барууга Кыргызстан үчүн 4500 орун берилген. Учурда түштүк аймактары боюнча алардын 600гө жакыны Араб өлкөсүнө учуп кеткендиги маалымдалууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG