Йемен бийлиги АКШдагы жөөттөрдүн ибадатканаларын жардырууну көздөшкөн деп шектелген "ал-кайидачыларды" издөөгө киришти. Өлкөнүн аба майдандарында жана портторунда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Жардыргыч зат салынган пакеттердин АКШга жөнөтүлүшү боюнча тергөө жүрүүдө. Жергиликтүү "Саба" кабар агенттиги маалымдаганына караганда, иликтөө Араб Эмираттары, Британия жана АКШнын бийлиги менен координацияланып турмакчы. Чикагодогу синагогага жиберилген баштыктар жума күнү Дубаи менен Британияда табылган. Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама муну террордук коркунучтун олуттуу далили катары сыпаттады. Пакеттердин бири FedEx, экинчиси UPS компаниясы аркылуу жөнөтүлгөн.
Анын аралыгында Дубаи полициясы Йеменден АКШга жиберилген пакетте табылган жардыргыч жабдык "Ал-Кайида" жасаган бомбаларды эске салат деп билдирди.
Анын аралыгында Дубаи полициясы Йеменден АКШга жиберилген пакетте табылган жардыргыч жабдык "Ал-Кайида" жасаган бомбаларды эске салат деп билдирди.