Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:25

Ажыга кетпей калгандар Ошто нааразылык акциясына чыгышты


Ажылык зыяратка кетпей калган 41 адам бүгүн да Оштун борбордук аянтында нааразылык акциясын улантышууда. Алар ажылыкка баруу үчүн билет алып, бардык документтери бүткөрүп, 2-ноябрда учмак болушкан. Бирок 60 адамдын он тогузуна гана виза ачылып, калган 41 адам кете албай калган. Ошол себептүү алар кечээтен бери облусттук бийликтен жана Дин агенттигинен аталган өлкөгө учууга виза алып берүүсүн талап кылып турушат. Акыркы маалыматтарга ылайык, Өзгөн районунан 178 адам, Ноокат районунан 18 адам Сауд Арабстан өлкөсүнө виза ала албай, учууга мүмкүнчүлүгү жок тургандыгы ачыкталууда.

Ош облусттук дин иштери агенттиги булардын виза албай калгандыгы боюнча учурда Борбордук дин агенттиги Сауд Арабстан менен сүйлөшүүлөр жүргүзүп жаткандыгын билдирди.

Буга чейин айтылгандай, быйыл Мекеге барууга Кыргызстан үчүн 4500 орун берилген. Учурда түштүк аймактары боюнча алардын 600гө жакыны ажылык сапарга учуп кетти. (ErN)

XS
SM
MD
LG