Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:56

Жол талаштан чыр чыккан Төмөнкү Чүй айылында бүгүн абал тынч


"Азаттыктын" кабарчысынын билдиришинче, ушул тапта айыл тургундары өз тиричилиги менен алек болуп жатышат. Милиция кызматкерлери айылда көз салып жүрүшөт. Азырынча кечээки жол талаштан чыккан чыр боюнча айыл тургундары да, милиция кызматкерлери да так маалымат бере элек. Айыл тургундары бул боюнча ар кандай версияларын айтып жатышат.

Бүгүн да эртең менен жергиликтүү тургундар чогулуп, кечээки болгон чатакты иликтеп, тартип бузгандарга тиешелүү чара көрүү талабы менен чыгып, кайра тарап кетишкен. Кечээ түштөн кийин айылда жол талаштан чыр чыккан. Анын натыйжасында денесинен жаракат алган айыл тургуну Сабилла Гапаров бир уулу менен Бишкек шаардык №4 ооруканага жаткырылды. (AzK)

XS
SM
MD
LG