Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

БШК партиялар шайлоого жумшаган акча каражаттын отчетун карады


БШК бүгүнкү отурумунда шайлоо өнөктүгүнө саясий партиялар короткон акча каражаттын отчетун карады. Ага ылайык 27 партия шайлоого жумшаган акча каражаты тууралуу маалымат берген. “Эгемен Кыргызстан” жана “Үй куруучулар” партиясы мындай маалыматты берген эмес. 27 партия шайлоо өнөктүгү үчүн банктагы атайын эсепке 457 миллион 59 миң 146 сом каражат топтогон. Алардын ичинен 449 миллион 986 миң 332 сом акча сарпталган.

Шайлоо өнөктүгү башталгандан бери БШКга 679 жазуу түрүндөгү арыз-даттануулар келип түшкөн. Булардын дээрлик бардыгына жооп кайтарылган.

БШКнын мүчөсү Айнура Абдыкалыкова “Азаттыкка” шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу эмки аптага калтырылгандыгын билдирди. (AzK)

XS
SM
MD
LG