Стамбул шаарынын Таксим аянтында бомба жарылып, кеминде 22 киши жарадар болду. Шаар башчысы Хусейн Айни Мутлу кол салуудан полициянын 10 кызматкери жана 12 карапайым адам жараат алганын маалымдады. Кеминде 2 киши оор абалда. Кабарларга караганда, жардырууну жан кечти ишке ашырган. Бул кыянатчылык үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.