Ливандын өкмөт башчысы Саад Харири Ирак саясатчыларын тезирээк мунасага келип, саясий туңгуюктан чыгууга үндөдү. Харири Сауд Арабиянын падышасы Абдалланын сунушун кубаттаарын айтты. Абдалла Ирактын лидерлерин Курман айттан кийин Эр-Риядда жолугушууга чакырган. Мартта болгон парламенттик шайлоодо бир да партия абсолюттук жеңишке ээ боло алган эмес. Ошондон бери өлкөдө өкмөт түзүлө элек.