"Франциянын аба жолдоруна" таандык учак бүгүн 20 жылдан бери алгачкы жолу Багдад аэропортуна конду. Aigle Azur жүргүнчү ташуучу компаниясынын учагы кечээ кечинде Парижден учуп чыккан. Компания 2-3 айдан кийин коммерциялык учуулар башталаарын, билеттер жакын арада сатылаарын маалымдады. Париж-Багдад каттамындагы учуулар жумасына эки ирет аткарылып турмакчы.