Бул тууралуу “Азаттыкка” борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, келип түшкөн арыздардын 679у кат түрүндө, 428и оозеки түрдө болгон. Арыздардын көбү үгүт иштеринин эрежесин бузуу, добуш берүү тартибин бузуу жана шайлоочулардын добушун сатып алуу аракеттерине байланыштуу болгон. (IJz)