Жанкечти Стамбулдун эл котолоп жүргөн Таксим аянтында кечээ жасаган жардыруудан 32 адам жаракат алган эле. АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон өз билдирүүсүндө окуяны “үрөй учурган кылмыш” деп мүнөздөдү. Жанкечти бутага полицияны алган. Кол салуу үчүн эч бир уюм же топ жоопкерчилик алган жок. Бирок талдоочулар чабуулдун артында Түркияда тыюу салынган Күрд жумушчу партиясы туруусу мүмкүн экендигин белгилешүүдө. Ал ок атышууну бир тараптуу түрдө токтотконун 13 –августа жарыялаганда белгилеген мөөнөт кечээ аяктаган. Козголоңчул кыймылдар менен экстремисттик уюмдар Стамбулда бомба жардырууларын буга чейин да жасашкан.