Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

Шайлоонун жыйынтыгы саат экиде жарыяланат


Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев бүгүн БШКнын саат он бирде болгон жыйынында билдирди. БШКнын жыйынында ошондой эле Россиянын Челябинск жана Новосибирск шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылды. Акылбек Сариевдин айтымында, 10-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы бүгүн, 1-ноябрда саат 14:00дө чыгарылат.

Борбордук шайлоо комиссиясы буга чейинки жыйындарында кошумча тизмеге киргизилген шайлоочулардын саны 36 миң кишиге көбөйүп, жалпысынан 236 миң шайлоочу болгонун билдирген. Буга байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясы 5% босогодон өтпөй турганын БШКнын мүчөсү Жеңиш Акматов “Азаттыкка” бүгүн айткан эле.

XS
SM
MD
LG