Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:32

БШК шайлоо жыйынтыгын чыгарды


10-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы боюнча добуштардын көпчүлүгүнө ээ болгон “Ата-Журт”, СДП, “Ар-Намыс”, “Республика” жана “Ата Мекен” партиялары парламентке өттү. Жаңы Башмыйзам боюнча Жогорку Кеңештеги 120 депутаттык орун беш партияга бөлүштүрүлдү. Ага ылайык “Ата-Журт” партиясы 28, КСДП -26, “Ар-Намыска” -25, “Республика” партиясына -23, “Ата Мекен” партиясы 18 орунга ээ болду. Бул тууралуу БШК төрагасы Акылбек Сариев жарыялады.

БШКнын төрагасы добуш берүү протоколдорун салыштыруу учурунда айрым участоктордун жыйынтыктары жокко чыгарылгандыктан, жалпы пайыздык көрсөткүчтөр азайгандыгын, буга ылайык ар бир партиянын пайыздары да бир аз кыскарганын белгилеп өттү.

10-октябрдагы парламенттик шайлоого 29 саясий партия катышкан. Алардын ичинен жалпы шайлоочулардын 5% добушуна беш партия ээ боло алышкан.

XS
SM
MD
LG