Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:14

Эң көп калктуу өлкөдө эл каттоо башталды


Кытайда 10 жылда бир ирет өктөрүлчү эл каттоо башталды. Бул жолу адамдар расмий катталган жерлеринде эмес, реалдуу жашаган жайларында саналат. Бул – демографиялык өзгөрүүлөрдү аныктоого, өлкөнүн эң ири шаарларында канча киши жашаарын тактоого жардамдашат. 2000-жылы болгон эл каттоонун жыйынтыктарына ылайык, Кытай калкынын саны 1 миллиард 295 миллион кишини түзөт. 10 жылдын ичинде ички миграция өстү. Жумуш издеген миллиондого адамдар айыл жерлеринен шаарларга жер которушууда.

XS
SM
MD
LG