Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Германия Йеменден учкан жүргүнчү учактарга тыюу салды


Буга чейин немис өкмөтү жана бир катар Батыш өлкөлөрү Йеменден жүк ташыган учактарды кабыл алууну убактылуу токтотушкан. Мындай чечим ал өлкөдөн АКШга жөнөтүлгөн таңгактарда жардыргыч зат табылгандан кийин кабыл алынган. Германиянын транспорт министрлигинин басма сөз катчысы кабарлагандай, бомбалардын бири Германиянын Келн шаары аркылуу жиберилгени аныкталгандан кийин коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Жардыргыч зат салынган баштыктар жума күнү Британия менен Дубайда колго түшүрүлгөн. Терракт аракети артында болжол менен Ал-Кайида турат.

XS
SM
MD
LG