Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:43

Жалал-Абад облусунда 54 үй курулуп бүттү


Курулуп бүткөн ал үйлөр июнь окуясында тамдары өрттөнгөн жабырлануучуларга тапшырылды. Мындай маалымат Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн 1-ноябрда алынды. Маалыматка ылайык, облуста июнь айындагы башаламандыктарда өрттөлдү деп саналган 424 имарат жана Өзбекстанга карап калган Чек айылынан Кыргызстан тарапка көчүп чыккан 24 үй-бүлөгө 448 там курулуусу абзел. Жараксыз болгон ал үйлөрдү мамлекеттик дирекция менен эл аралык уюмдар кайра курууда. 1-ноябрга карата мамлекеттик дирекция 55 үйдүн, эл аралык уюмдар 274 тамдын чатырын жабууга үлгүрдү. 419дан ашык үйдүн дубалдары тургузулуп бүттү. (YA)

XS
SM
MD
LG