Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:36

Касидис Рочанакорн президент менен жолукту


Бирикке улуттар уюмунун Качкындар иши боюнча агенттигинин Азия жана Тынч океан аймагы боюнча бюросунун директору Касидис Рочанакорн Кыргызстанда иш сапары менен жүрөт. Ал кечээ президент Роза Отунбаева менен жолугушту. Жолугушуу маалында Кыргызстандагы качкындардын жана июнь окуялары маалында жабыркагандардын абалы тууралуу сөз болду. Бул тууралуу БУУнун Бишкектеги өкүлчүлүгү кабарлайт.

БУУнун Качкындар иши боюнча агенттиги июнь окуяларынан кийин Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы, ошондой эле өнөктөштөр менен биргеликте үй-жайсыз калгандарга өткөөл үйлөрдү куруп берүү иштерин аткарууда. Ошондой эле бул агенттик коогалаң маалында документтери жоголгондордун документтерин калыбана келтирүү жаатында көмөк көрсөтүүдө. (IJz)

XS
SM
MD
LG