Бүгүн Бишкекте Маданият ишмерлеринин күнү белгиленет. Бул күнгө байланыштуу Бишкектеги Улуттук филамонияда салтанаттуу иш-чара өткөрүлүп, ага президент Роза Отунбаева баштаган бийлик өкүлдөрү да катышмакчы. Иш-чаранын ырсмий бөлүгүндө президент маданият жана искусство ишмерлерине сыйлыктарды тапшырып, андан соң белгилүү артисттердин катышуусунда концерттик программа болот.
1926-жылы 2-ноябрда Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу И.Токобаевдин “Кайгылуу Какей” аттуу драмасы коюлган. Бул датаны эске алуу менен 1995-жылы кыргыз өкмөтү Маданият ишмерлеринин күнүн 2-ноябрда белгилөө боюнча токтом чыгарган. (IJz)