Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:27

Бүгүндөн тарта парламент депутаттары каттала баштайт


Борбордук шайлоо комиссиясы тараткан маалыматка караганда, бүгүндөн тарта шайлоодо беш пайыздык чектен өткөн партиялардын тизмесиндеги депутаттыкка талапкерлер каттала баштайт. Ал үчүн утуп чыккан партиялардын тизмесиндеги депутат боло тургандары БШКга өздөрү тууралуу маалыматтарды сүрөтү менен кошо тапшырып, депутаттык кызматы менен кошо жүргүзүүгө болбой турган мамлекеттик жана башка кызматтарынан баш тартуулары керек. Ал эми депутаттык мандат алууну каалабаган талапкерлер БШКга арыз жазуулары абзел.

Ырасмий жыйынтыктар боюнча, 10-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо “Ата-Журт” - 28, КСДП - 26, “Ар-Намыс” - 25, “Республика” – 23, “Ата Мекен” – 18 орун алышты. (IJz)

XS
SM
MD
LG