Өлкөнүн юстиция министрлиги “Демократиялык тандоо” деген саясий кыймылды каттоодон өткөргөнүн анын лидери Владимир Милов билдирди. “Демократиялык тандоо кыймылы” өлкөдөгү төрт оппозициячыл уюмдун “Зомбулуксуз жана коррупциясыз Орусия” үчүн деген коалициясына кирет. Алар алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоого катышуу үчүн партия уюштурууга ниеттенишүүдө. Орусиянын оппозиция лидерлери Михаил Касьянов, Борис Немцов, Владимир Рыжков жана жаңы каттодон өткөн саясий кыймылдын башчысы, энергетика министринин мурдагы орун басары Владимир Милов өз уюмдарын коалицияга бириктирүү жөнүндөгү келишимге сентябрда кол коюшкан.