Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:47

АКШда бүгүн Конгресс үчүн орто мөөнөттөгү шайлоо өтөт


Шайлоонун “орто мөөнөттөгү” деп аталып калышы кызматтагы президенттин төрт жылга эсептелген бийлик мөөнөтүнүн ортосунда өтүп жатышы. Бүгүнкү добуш берүү аркылуу Конгресстин төмөнкү – Эл өкүлдөр палатасынын толук курамы жана жогорку палата – Сенаттын 100 мүчөсүнүн 37си кайра шайланат. Ошондой эле 37 штаттын тургундары губернаторлор үчүн добуш беришет. Шайлоо алдындагы соңку сурамжылоолор акыркы эки жылдан бери Ак үйдөн тышкары Конгресстин кош палатасын да көзөмөлдөп турган Демократиялык партиянын туруму алсырай турганын ишара кылууда. Атап айтканда Конгресстин Эл өкүлдөр палатасындагы көпчүлүк Республикалык партияга өтүшү жана алар Сенаттагы орундарын да көбөйтүүсү мүмкүн. Буга чейин Эл өкүлдөр палатасындагы 435 орундун 257, Сенаттагы 100 орундун 57си демократтарга таандык болгон.

XS
SM
MD
LG