Француз президенти Николья Саркози менен британ премьери Дэвид Камерон бүгүн Лондондо жолуккан жатат. Байкоочулар НАТОго жана БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө эки өлкө ортосундагы аскерий кызматташтыктын жаңы деңгээлин “буга чейин болуп көрбөгөн” көрүнүш катары мүнөздөшүүдө. Жаңы макулдашуулардын бири өзөктүк дүрмөттөрдү чогуу жасоо жана сыноо жөнүндө. Француз тараптын билдиргенине караганда, өзөктүк сыноо жүргүзүүчү борбор Францияда, ал эми өзөктүк изилдөө жүргүзүүчү борбор Британияда түзүлөт. Эки өлкө лидерлери Лондондогу бүгүнкү жолугушууда биргелешкен экспедициялык бөлүк түзүлөрүн, учак тартуучу кемелерди, авитехниканы чогуу пайдаланууну макулдашканын да жарыялары күтүлүүдө.