Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

Дарыгерлерге октон жараат алгандарды дарылоонун дүйнөлүк тажрыйбасы үйрөтүлөт


Апрель-июнь айларындагы коогалаң окуяларда 434 операция жасалган. Жабыркагандардын арасында октон жарат алгандар 60 пайызды түзгөн. Тажрыйбанын жетишсиздигинен жергиликтүү дарыгерлер октон жарат алгандарга медициналык жардам көрсөтүүдө кыйынчылыктарга дуушар болушкан.

Октон жарат алгандарды дарылоонун дүйнөлүк тажрыйбасы менен тааныштырууга жана эффективдүү дарылоого багытталган иш-чара Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Эл аралык Кызыл чырым комитети тарабынан 2-4-ноябрда өткөрүлөт. Ахунбаевдин клиникасында өтүүчү үч күндүк иш чарада Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын областарынан 59 хирург катышат. Ушундай эле семинар 9-11 ноябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен областарында Ош шаарынын облустар аралык клиникалык оруканасында уюштурулат. (AzK)

XS
SM
MD
LG