Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:46

Кырк маданий ишмерге Ардак грамота тапшырылды


Маданият министри Садык Шернияз маданият жана искусство жаатында сиңирген эмгектери үчүн кырк кишиге Президенттин Ардак грамоталарын тапшырды. Бүгүн Маданият ишмерлеринин күнүнө байланыштуу Бишкектеги Улуттук филамонияда салтанаттуу иш-чара өткөрүлүп, ага президент Роза Отунбаева баштаган бийлик өкүлдөрү да катышат. Анда президент маданият жана искусство ишмерлерине сыйлыктарды тапшырып, андан соң белгилүү артисттердин катышуусунда концерттик программа болот.

1926-жылы 2-ноябрда Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу И.Токобаевдин “Кайгылуу Какей” аттуу драмасы коюлган. Бул күндү эске алуу менен 1995-жылы кыргыз өкмөтү Маданият ишмерлеринин күнүн 2-ноябрда белгилөө боюнча токтом чыгарган. (AzK)

XS
SM
MD
LG