Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Журналисттин өлүмү боюнча сот жараяны 9-ноябрга которулду


Бул туурасында “Азаттыкка” маркум журналист Алишер Саиповдун атасы Аваз Саипов билдирди. Сот жараянынын башка күнгө которулушуна доо арыз берген айыпталуучу Абдугафар Расуловдун жактоочуларынын сотко келбегендиги себеп болду.
Үч жыл мурда киши колдуу мерт болгон журналист Алишер Саипов иши боюнча сот жараяны бүгүн болмок.

Ош шаарында өзбек тилинде чыгып турган “Саясат” гезитинин редактору Алишер Саиповду 2007-жылы 24-октябрда атып кетишкен. Анын өлүмүн атасы Авас Саипов кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырып келет. Ал эми айыпталуучу А.Расулов тагылган айыпты мойнуна албай келатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG