Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:02

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы БШКны сотко берет


Партиянын лидерлеринин бири Марат Кайыповдун “Азаттыкка” билдиришинче, алар Бишкек шаарынын 1-Май райондук сотуна кайрылганы жатышат. Анын айтымында, БШК аталган партияны шайлоодон өткөрбөө үчүн Орусиядагы шайлоочулардын добуштарын жокко чыгарган. Ошондой эле БШКнын 5 пайыздык босогону шайлоодон кийин өзгөрткөнү Шайлоо кодексине каршы келет.

БШК мүчөсү Абдымомун Мамараимовдун “Азаттыкка” билдиришинче, шайлоонун жыйынтыгы "Эркин Тоо" гезитине жарыяланып, ал юридикалык күчкө кирди. Эгер кайсы бир партия бул чечимге нааразы болуп, аны 3 күндүн ичинде сотко бере турган болсо, анда БШК сот чечим чыгармайын депутаттарга мандат берүүнү токтото турат.

Ушул тапта талапкерлер депутат болуп катталса, депутаттык макамга туура келбеген иштерин токтото тургандыгы тууралуу арыздарын БШКга жазып жатышат.(AzK)

XS
SM
MD
LG