Аларды ракетага жана деңиз кемелерине жайгаштырганга болот. Түштүк Кореянын коргоо министри ырастагандай, Түндүк Корея мындан тышкары атом бомбасына керектүү 40 кило плутоний өндүргөнгө аракет кылууда. Байкоочулардын болжолунда Түндүк Кореяда ушу тапта 6-8 бомба жасагыдай плутоний бар. Пхенян 2009-жылы апрелде эл аралык сүйлөшүүлөрдөн чыгып кеткен. Быйыл декабрда Түндүк Корея экинчи ирет ядролук сынак өткөрүшү ыктымал.