Токтогул суу сактагычындагы суунун өлчөмү 19 миллиард 361 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматы билдирет. 2009-жылы ушул күнү Токтогулда 12 млрд. 734 млн. куб метр суу болсо, 2008-жылы 9 млрд. 463 млн. куб метр гана суу бар болчу. Токтогулда суунун жетиштүү экендигине байланыштуу Энергетика министрлиги быйыл кышта электр жарыгы жөнү жок өчүрүлбөсүн кабарлоодо. (IJz)