Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

Коомдук парламенттин шайлоого байланыштуу арызын сот бүгүн карайт


Бул тууралуу “Азаттыкка” Коомдук парламенттин төрагасы Касымбек Райымбек уулу билдирди. Аталган парламент кечээ Биринчи май райондук сотуна арыз менен кайрылган. Анда БШКнын шайлоо тууралуу чечими жаңы Конституциянын 70-беренесине каршы келери айтылган. “Бизде конституциялык мыйзам жок. Ошол себептен бул шайлоо мыйзамсыз”,-дейт К. Райымбек уулу. Коомдук парламентти 2007-жылкы шайлоодо Жогорку Кеңешке кирбей калган айрым саясий партиялар, коомдук-саясий уюмдар түзгөн болчу. Апрель ыңкылабынан кийин аталган парламенттин айрым мүчөлөрү Убактылуу өкмөткө жана партиялык жумуштарга кеткендиктен иши токтоп калган. Азыр кайра түзүлгөн коомдук парламент 50 кишиден турат. (EBM)

XS
SM
MD
LG