Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Ок жеген адамдарды дарылоо боюнча адистерди окутуу башталды


Бишкектеги үч күндүк семинарды Саламаттыкты сактоо министрлиги "Кызыл чырым" эл аралык комитети менен биргеликте уюштуруп жатат. Ага Бишкек шаары, Чүй, Ысык-Көл, Талас, Нарын облустарынан келген 60ка жакын хирург катышууда. Өлкөнүн түштүк облустарындагы дарыгерлер үчүн ушундай эле семинар Ош шаарында 9-11-ноябрь күндөрү өтмөкчү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиришинче, өлкөдөгү апрель, июнь окуяларында тажрыйбанын аздыгынан дарыгерлер октон жарадар болгондорго жардам берүүдө айрым кыйынчылыктарга дуушар болушкан. Бишкекте 7-8-апрель коогалуу күндөрү бир сутканын ичинде 430дан ашуун операция жасалган. (EBM)

XS
SM
MD
LG