Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:19

Сот Коомдук парламенттин шайлоо боюнча арызын карай баштады


Бишкектеги Биринчи май райондук соту Коомдук парламенттин парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу арызын карай баштады. Кабарчыбыздын маалымдашынча, сот процесси жабык өтүп, журналисттер киргизилген жок. Аталган парламенттин төрагасы Касымбек Райымбек уулу “Азаттыкка” "конституциялык мыйзам жок болгондуктан парламенттик шайлоо мыйзамсыз, анткени ал Баш мыйзамдын 70-беренесине каршы келет, ошондуктан сотко кайрылдык", деп билдирген эле. Бүгүн Жалпы улуттук конгресстин айрым өкүлдөрү да шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын, сотко кайрылышарын билдиришти. (EBM)

XS
SM
MD
LG