Бүгүн Биринчи май райондук соту Коомдук парламенттин шайлоо боюнча арызын кароону эртеңкиге калтырды. Сот ишти кароонун жылышын бул арызга дагы төрт иш кошулгандыктан Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү ага даяр эместиги менен түшүндүрдү. Коомдук парламент 10-октябрда өткөн парламенттик шайлоону мыйзамсыз деп эсептеп, кечээ сотко арыз жолдогон. Биринчи май райондук соту бүгүн “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын да арызын кароону 5-ноябрга жылдырды. Буга партиянын жактоочусунун документтери толук жайында болбогону менен түшүндүрдү. Аталган партия Орусиядагы айрым шайлоо участкаларында добуштардын жокко чыгарылышы жана 5 пайыз чекти жогорулашы боюнча БШК менен соттошкону жатат. (EBM)