Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

“Республика” кеңейтилген коалиция түзүү сунушу менен чыкты


Бул тууралуу аталган партия бүгүн атайын билдирүү таратты. “Республиканын” өкүлү Кубат Болотканов “Азаттыкка” кеңири коалиция элдин биримдиги, кырдаалдын туруктуулугу жана экономиканын өсүшү үчүн өтө маанилүү, деп билдирди. Мындай сунушту буга чейин шайлоодо жеңген Социал-демократтар партиясынан башкасынын баары: “Ата Мекен”, “Ата-Журт” жана “Ар-Намыс” партиялары көтөрүп чыккан болчу. “Ар-Намыстын” лидери Феликс Кулов мындай коалицияга парламенттик шайлоодо 2 пайыздан ашык шайлоочунун добушун алган баардык партиялар да кошулушу керек деп билдирген. “Республика” буга чейин Социал-демократтар менен бириге турганын жарыялаган эле. (EBM)

XS
SM
MD
LG