Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:43

АКШ Конгрессинин эл өкүлдөр палатасын республикалык партия башкарат


АКШдагы республикалык партия Конгресстин эл өкүлдөр палатасында кайрадан көпчүлүк орунду алды. Кечээ Америкада өткөөл шайлоо болгон. Анын алдын ала жыйынтыгына ылайык, Конгресстин эл өкүлдөр палатасындагы 435 орундун жарымынан көбүн бул ирет республикалык партия утуп алды. Демократтар Сенатта дагы эле басымдуулук кыла турган болушту. Эми эл өкүлдөр палатасында спикерликке республикачылдардын өкүлү Жон Бейнер келет деп күтүлүүдө.

"Эми эл өкүлдөр жыйынында биздин көпчүлүк “элдин үнү” катары иштейт. Ошол эле учурда өкмөттүн негизги милдеттерин президент аныктайт. Америкалыктар президентке бул түнү ачык билдирүү жасашты жана ал билдирүү “Өзгөрүү курсу” деп аталат, - деди Бейнер. - Президент Барак Обама эми элдин үнүн угуп, өзүнүн саясатын өзгөртөт деп үмүттөнөбүз. Эгер президент буга көнсө, биз аны менен иштешүүгө даярбыз".

XS
SM
MD
LG