Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:48

АКШ –Мексика чек арасынан маң зат ташылган туннель табылды


Маалыматтарга караганда, туннелдин узундугу 550 метр. Анын ичине рельс төшөлүп, желдетүүчү жана жарык берүүчү жабдуулар орнотулган. Чек аранын эки тарабынан тең тешиги болгон. Полицейлер туннелдин ичинен 20 тоннадан ашуун марихуана табышты. Эгер көчөдө сатылса, бул миллиондогон доллар акчага айланмак. Туннел Мексиканын Тихуна шаарынан казылган. Бул жер Мексикадан АКШнын Калифорния штатын көздөй наркозат ташуу жолундагы башкы түйүн катары эсептелинет. Өткөн айда эле Мексика полициясы шаардан 100 тоннадай марихуана алган. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, наркокартелдер жер астынан Мексика менен АКШнын чек арасын туташтырган мындай жолдорду көзөмөлгө алынбоо аракетинде салып келишет.

XS
SM
MD
LG