Бул туурасында БШКнын төрагасы Акылбек Сариев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында буга парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу "Замандаш" жана "Акыйкат" саясий партияларынын сотко кайрылып, соттук териштирүүлөрдүн башталышы себеп болууда. Сотко кайрылган партиялар депутаттарды каттоо ишин токтото турууну талап кылышкан.
Эгер сот партиялардын арызын канааттандырса, анда парламенттин ишке киришүүсу артка жылдырылат. Эгер мындай чечим чыкпаса, анда парламент эртең алгачкы отурумуна чогулат.
Мыйзамга ылайык, эгер кайсы бир партия шайлоонун жыйынтыгы тууралуу чечимге нааразы болуп, аны 3 күндүн ичинде сотко бере турган болсо, анда БШК сот чечим чыгармайын депутаттарга мандат берүүнү токтото турат.(AzK)