Жалал-Абад облустук соту Азимжан Аскаров баштаган сегиз соттолуучунун апелляциялык арызын кароону улантып жатат. Ушул тапта Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Мамыржан Мергентаев жабырлануучу катары көрсөтмө берип жатат. Ал 12-июнда райондун Шайдуллаев көчөсүнө топтолгон өзбек тектүү жарандар кыргыздарга каршы чакырык жасап, райондук ооруканага бараткан жолду трактордун чиркегичтери менен тосуп алганын, андагы соттолуучулардын бири Минора Мамазалиева “жолду ачпайбыз, кыргыздар менен акырына чейин күрөшөбүз” деп чакырык жасаганын айтты. Ошондой эле 13-июнда Ош-Бишкек жолунун Базар-Коргон районундагы Кара-Үңкүр дарыясынын көпүрөсүн өзбек тектүү адамдар тосуп алганын, ал жерде Азимжан Аскаров болгондугун, милициянын капитаны Мыктыбек Сулаймановго болгон кол салууну көргөндүгүн билдирди. Мурунку соттук отурумда соттолуучу Минора Мамазалиева Шайдуллаев көчөсүндө 10 минута гана болгонун айткан.
А. Аскаров 13-июнда Базар-Коргон районунда милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө, башаламандык уюштурууга катышкан деп айыпталып жатат. Сентябрдын ортосунда аталган райондун соту А.Аскаров баштаган беш кишинин үй-мүлкүн конфискациялап, өмүр бою эркинен ажыратуу, дагы экөөнү жыйырма жылга, бирөөнү тогуз жылга кесүү тууралуу өкүм чыгарган. Соттун бул өкүмүн айрым эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары айыптап чыгышкан болчу. (AzK)